• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бейруттагы жарылуу: Ливан өкмөтү отставкага кетти

11 Баш оона 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Бейрут шаарындагы жарылууга байланыштуу өткөн митингден кийин Ливандын өкмөтү отставкага кеткенин Associated Press агенттиги өлкөнүн саламаттык сактоо министри Хамед Хасанга шилтеме берип жазды.

«Премьер-министр Хасан Диаб кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшыруу үчүн президенттин резиденциясына кетти. Өкмөт толугу менен тарады», — деп билдирген ал.

Буга чейин өлкөнүн юстиция министри баштаган бир нече аткаминер кызматтан кеткени кабарланган.

Белгилей кетсек, 8-августта өткөн нааразылык акциялардын катышуучуларын кууп таратуу учурунда 100гө жакын киши жарадар болуп, 22 киши ооруканага түшкөн. Чогулгандар өкмөттүн отставкага кетишин жана портто сакталып турган жүктүн коопсуздугун камсыз кылбаган күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында порттогу кампада 2014-жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылган. Кырсыктан кеминде 158 киши каза болуп, беш миңге жакын адам жаракат алды, 300 миңдей тургун үй-жайсыз калган.

Количество просмотров: 99