• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

«Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунуна тиешелүү деген жарандар кармалды

15 Жетинин айы 202416:02 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан өлкө аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” экстремисттик уюмуна шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлерине өлкө аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү «Ютуб» социалдык тармагы аркылуу экстремисттик көз караштагы видео материалдарды тараткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Видео материалдар соттук-лингвистикалык экспертизага берилип, экспертизанын корутундусу менен ал материалдар «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунуна тиешелүү экени аныкталган.

Бул факт Жайыл РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИББнын ЭММККнын кызматкерлери, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында видео материалдардагы жарандар аныкталып, 1970-жылы туулган О.Ч., 1983-жылы туулган Р.А., 1964-жылы туулган С.К., 1973-жылы туулган Д.М., 1976-жылы туулган С.Т., 1958-жылы туулган А.К., 1978-жылы туулган С.К., 1971-жылы туулган К.Б., 1983-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар кармалган.

Кылмыш ишинин алкагында 15-ноябрь күнү жогоруда аталган жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, анда 38 даана адабият, ар кандай дисктер, баракчалар табылып, аларга соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1964-жылы туулган С.К. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми калган жарандарга «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунан баш тартуу боюнча эскертүү берилген.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 239