• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көчөлөрдөгү эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынып салынат

20 Баш оона 201916:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынып салынат. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын көчөлөрүн кыдырып текшерген.

«Рейдде аталган көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы, тазалык, мыйзамсыз курулуштар, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар боюнча жеринде тапшырмалар берилди. Калаа башчысы арыктар өз убагында тазаланбай жана көчөлөр таштандыдан толук арылбай жатканын айтып, тиешелүү ишканалардын ишин сынга алды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 44