• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көч уланат. 2040 жылга -чейин Кыргызстан өнүгөбү? Ала-Арча резиденциясында жыйын башталды

13 Баш оона 20189:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн 13-августа Ала-Арча резиденциясында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин VII жыйналышы өтүп жатат.
Жыйында 2018-2040-жылдарга өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору жөнүндө жана 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоору жөнүндө сөз болот.
Программада президенттин сөзү, 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчысы Н.М Ахметованын презентациясы күтүлүп жатат. Мындан сырткары 2018-2040-жылдарга КРнын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору боюнча талкуулоо жана 2018-2040-жылдарга КРнын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору боюнча чечимдин долбоорун талкуулоо,добуш берүү күтүлүп жатат. Жыйында 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Н.К Шайлдабекова сөз сүйлөйт.
Количество просмотров: 55