• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан 3 адам көз жумду

16 Бирдин айы 202610:58 Бишкек Govori.TV

15-февралда Чүйдүн Аламүдүн районунда 3 адамдын өмурүн алган жол кырсыгы катталды.

Чүй ОИББдин маалыматына ылайык, Бишкек-Теплые Ключи автожолунун 15-чакырымында Hyundai Sonata машинесинин 26 жаштагы айдоочусу (ред: 2000-жылы туулган С.Б.) түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон чыгып, жардан Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен.

«Жол кырсыгынын кесепетинен Хундай Соната үлгүчүндөгү унаасынын айдоочусу 2000-ж.т. С.Б.А. жана жүргүнчүлөрү 20-25 жаштагы 2 кыз (өздүктөрү такталууда) окуя болгон жерден каза болушкан. ДАгы бир жүргүнчү 2000-ж.т. Ж.у. А. ар кандай дене жаракаттары менен Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», — деп жазылмат маалыматта.

Жол кырсыгы боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 118