Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин айтымында, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Жол фондуна 4,5 миллиард сомго жакын каражат түшсө, 2025-жылы 5 миллиард сом күтүлүүдө, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Жол фондуна түшүүчү кирешелердин көлөмү болжол менен 7 млрд. болот.