• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күйөрмандар футболдук беттештен соң таштандыларды жыйнай кетишти (видео)

21 Жетинин айы 2023 22:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Д. Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Омандын улуттук курамаларынын ортосундагы футболдук беттеш өттү.

Беттеш Дүйнө чемпионаты — 2026 тандоо турунун алкагында өттү. Ал эми бул оюнда Кыргызстан 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргыз курамасын колдоо үчүн стадион толо күйөрмандар жана президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү келди.

Ал эми соцтармакта оюндан соң таштандыларды өзүлөрү менен кошо алып кетип жаткан күйөрмандар алкышка татыды.

Количество просмотров: 195