Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат деген жерден ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев чыгып кетти.
«Ичине кирген жокмун, эч нерсе айта албайм», — деди ал.
Ал журналисттерге мындан башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Жеринде кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдүбү? деген суроолорду дагы жоопсуз калтырды.
Азыркы тапта «Учкун» басмаканасы менен «Блондер пабдын» айланасы курчалып, жеринде күч түзүмдөрү иш алып барууда.
«Тез жардам» кызматынын машиналары келгенин көрүүгө болот.
Буга чейин бир катар ЖМКлар ишенимдүү булактарына таянуу менен борбордо Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын жазышкан.
Азырынча Көлбаев тууралуу расмий маалымат бериле элек.