Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат деген жерге Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Бишкекте Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын жазган.
Азырынча УКМК бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.