Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын өкмөт убактылуу көзөмөлгө алат.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КР Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды көрөт.