Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 8-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Талас жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн 0…+5
күндүз +9…+14
Талас облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +8…+13
Баткен облусунда
түнкүсүн +5…+10
күндүз +15…+20
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +5…+10
күндүз +15…+20
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн 0…+5
күндүз +4…+9
Нарын облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +8…+13
Бишкек шаарында жаан-чычын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +11…+13 градуска жетет.