• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
A pile of 100 RMB banknotes of Chinese yuan money in a female hand exchanging for travel.

Күн сайын расмий курсу жарыяланган валюталардын катарына юань кошулат

14 Баш оона 202413:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып юандын сомго карата расмий курсун күн сайын аныктайт. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк башкармалыгы 7-августта «КР Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», атап айтканда, Улуттук банк тарабынан кыргыз сомуна карата «Жэнминьби кытай юанынын» (CNY) расмий курсун 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күн сайын аныктоо боюнча токтом кабыл алды.

Количество просмотров: 112