• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ара жолдо калган 84 окуучу аттестат алмай болду. Сот “Мегакомдун” экс-жетекчисин бошотту

2 Баш оона 2023 18:20 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛООГО ТАЛАПКЕРЛЕР АРЫЗ БЕРҮҮДӨ

Бүгүн, 2-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 15ке жетти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр: Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев, Нургүл Сооронбаева, Мурат Эсенаманов, Ыргал Кадыралиева.

Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт

Аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн. Боршайком бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

 “МЕГАКОМДУН” ЭКС-ЖЕТЕКЧИСИ АБАКТАН ЧЫКТЫ

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов үй камагына чыкты. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

2023-жылдын 31-июлундагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнмөсү канааттандырылган. Айыпталуучу Азат Базаркуловго карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

«Келтирилген өтүнмөгө ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан 6 709 949 сомду түзгөн келтирилген материалдык зыян толугу менен УКМКнын депозиттик эсебине которулган»,-деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган.

ШЕКТҮҮ КАЙРА КАМАЛДЫ

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында аялды зордуктоого шектелген жаран кайра камакка алынды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөөчү тарабынан Ак-Суу райондук сотуна Б.Р. аттуу шектүүгө мурда тагылып жаткан айып Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна (Зордуктоо, өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон) өзгөртүлүп, айып оорлогонуна байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Сот өтүнүчтү карап, шектүүнүн үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөртүп, ал камакка алынган. Шектүү 27-сентябрга чейин камакта болот.

Жогорку сот буга чейин шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген Ак-Суу райондук сотунун судьясы А. Мойдунов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

Эске салсак, бир нече күн мурун социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. Ал айылдашы унаага күч менен салып барып, зордуктап, чуңкурга ыргытып жибергенин айткан. Бул боюнча милицияга арыз жазылып, шектүү кармалган. Бирок сот шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген.

УЛУТЧУЛ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда азиат түспөлүндөгү адамдарды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган үч адам кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган үч жаран Бишкек жана Чүй облусунун тургундары.

Атайын кызмат кармалгандар өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонгонун, тергөө иш-чараларынын алкагында алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынганын кабарлады.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси (330-беренеси) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшкөн. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ЖЕКЕ МЕКТЕП МЕНЕН МИНИСТРЛИКТИН ЧЫРЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу “Ай-Кью” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 1-августта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жагдайдын түзүлүшүнө жол берген жооптуу адамдарга карата чара көрүүнү тийиштүү мекемелерге жана укук коргоо органдарына тапшырды.

Буга чейин аталган мектептин 11-классты бүткөн 84 окуучусу аттестат ала албай жатканы айтылып, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирип чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги бул жагдайга түшүндүрмө берип, мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун айткан. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын билдирген.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги аттестат ала албай жаткан 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты окуп бүтүүгө шарт түзүлө турганын билдирген.

Количество просмотров: 287