• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Каралар» менен күрөш, жемкорлук… Өкмөт ЖКда отчет берди

23 Жетинин айы 2023 18:29 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЛУКАШЕНКО МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров Минск шаарында болгон иш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашкан.

Президенттер Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Белоруска Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн кечээ, 22-ноябрда жөнөп кеткен.

ӨКМӨТ ПАРЛАМЕНТТЕ ОТЧЕТ БЕРДИ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында президент Садыр Жапаровдун командасынын негизги жетишкендиги катары саясий коррупцияны демонтаждоо болгондугун айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, президент мамлекетти иретке келтирүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы менен анын орун басарлары ортосунда милдеттерди так бөлүштүргөн. Тактап айтканда, өлкөнүн экономикалык блогуна – министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми күч блогуна Камчыбек Ташиев жоопкерчилик алган.

Мындан тышкары, ал мыйзам чыгаруунун күн тартибин колдогон депутаттык корпуска ыраазычылык билдирип, президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды.

УКТ МЕНЕН КҮРӨШ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташиев криминал менен күрөштөн түшкөн каражаттын дайын-дарегин айтты.

Мындан сырткары Ташиев, «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов криминалдык аракетин улантып жатканын, аны Оштон алып келүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында жок кылынган.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТУН ИШИ ТОКТОДУ

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкектеги Юнусалиев көчөсү 92, 94 дарегинде жүрүп жаткан курулуш иштерине күтүүсүз текшерүү жүргүзүп, анын негизинде курулуш көп кабаттуу имарат куруу максатында жүрүп жаткандыгын аныктаган.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниясынын өкүлдөрү объектке тиешелүү долбоордук-сметалык жана уруксат кагаздарын көрсөтүшкөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамкурулуштун кызматкерлери тарабынан курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүнө карата “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” КР мыйзамынын талаптары сакталбагандыгына байланыштуу текшерүү жөнүндө акт жана мыйзам бузгандыгы тууралуу протокол түзүлдү.

Бүгүнкү күндө уруксат кагаздары жана тийиштүү документтер толук көрсөтүлгөнгө чейин объектте бардык курулуш иштери толук токтотулду.

Количество просмотров: 120