• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү

3 Аяк оона 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономиканын тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, Бишкек шаардык ЖЭБ камсыздоо, бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев энергетикалык объектилердин калкты жана экономика тармактарын электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн техникалык жактан толук даярдыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жылытуу мезгили башталганга чейин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, маданият мекемелеринин отканаларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштеринин толук жыйынтыкталышын камсыз кылуу зарыл. Мамлекеттик органдар 1-октябрга чейин бюджеттик мекемелерди көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо боюнча белгиленген пландарды аткаруусу тийиш. Мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерине талаптагыдай даярдык көрүлбөгөн учурда тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертип кетким келет. Мындан тышкары, элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылышы керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы отун базаларында жана көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл”, — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары жана тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 115