• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Качкан айдоочу каза болуп, кууган милициялар ур-токмоко алынды

15 Чын куран 2018 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек 15.04.2018 Govori.TV.

Түп районунда болгон жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, эки жүргүнчү ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түштү. Бул тууралуу turmush порталы жазып чыкты.

Кырсыкка кабылгандардын баары тең Күрмөнтү айылынын тургундары. Көз жумган 1994-жылы туулган Б.Санжар. 1996-жылы туулган Т.Калыйнур менен 1994-жылы туулган А.Нурсултан ооруканада.

Эскерте кетсек кечээ 14-апрелде Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы «Жол эрежелерин бузууну алдына алуу»-деген аталыштагы атайын рейд өткөргөн. Балбай айылынын кире беришинен  «Тойота Авенсис» маркасындагы унааны токтоткондо, айдоочу тартип сакчыларынын мыйзамдуу талабына баш ийбей, качып кеткен. Катуу ылдамдыкта бара жаткан  унаа айылдын ичинен бир нече жолу аласалып барып, бир үйдүн короосун жарып, кирип кеткен. Артынан келген жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жабыр тарткандардын жакындары тарабынан ур-токмокко алынып, алар да ооруканага түшкөн.
Количество просмотров: 33