• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кадамжайда милиция кызматкерлери белгисиз жаранды ур-токмокко алышкан

15 Баш оона 2018 18:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
Баткен облусунун Кадамжай районундагы милиция кызматкерлери белгисиз жаранды ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча мамлекеттик борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирген.
Анын айтымында жабырлануучуну көчөөдөн сабап кетишкен. “Эмне үчүн ал адамды сабап салышкандары белгисиз. Ал күнү ал мас абалында жүргөн учурда милиция кызматкерлери кармашкан жана айылдык милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Ал эми жаран өзү ооруканага келген, ал эми комага операция учурунда түшүп калган. Анын баш мээси чайкалып, колу жана мурду сынган”,- дейт Сулайманов.
Жана дагы бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалап кетти.
Количество просмотров: 34