• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кадамжайда сел жүрдү

2 Баш оона 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алыш айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел 1-август күнү саат 21:30дар чамасында жүргөн. Алыш айлында 17 турак үйдүн короосун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөөсүнө сел суулары кирген. Сел кетүүчү сай ичиндеги 4 чакырым ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө.

«Сай жээгиндеги 13 огороддун жээгин алып, эрозия жараткан. Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум аралаш шагыл толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 столбаны бузуп кеткен. Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, сай ичиндеги 700 метр ички чарбалык жолду бузган»,-деп айтылат маалыматта.

Сел жүргөн аймакта Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы Р. Айтиевдин башчылыгында улук лейтенант А.Алимбердиев жана райондук ЖК комиссиясы иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кызыл-Булак айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, сай ичиндеги 200 метр ички чарбалык жолду бузган. Азыркы убакта ЖК комиссиясы иликтөө тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 269