• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдүн сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды

19 Баш оона 20249:11 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районунун сел каптаган Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылып, 15 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы жана мотопомпа менен иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ түнкү саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора » эс алуу жайын сел суулары каптаган.

Количество просмотров: 112