• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкери кармалды

7 Тогуздун айы 2021 17:03 Бишкек Govori.TV

Жер ресурстары агенттигине караштуу «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын башчысынын орун басары С.З.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.

«Кадастр ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкерлери 2021-жылдын 5-октябрында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, аталган ишкананын директорунун орун басары С.З.Т. Жалал-Абад шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда

Количество просмотров: 237