• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кармалды

25 Бештин айы 2021 12:38 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин узак мөөнөттүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө («Коррупция») каралган кылмышты жасаган деген шек менен “Кадастр” ММ Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 2413