• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кайсы азык-түлүктөрдүн бааларына көзөмөл жүргүзүлүп жатат? Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жообу

22 Чын куран 2020 16:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров кайсы азык-түлүктөрдүн бааларына мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

«Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөргө чекене сатуудагы баалардын жогорку чеги белгиленген. Алардын ичинде ундун 1 жана 2-сортуна баалар коюлган. Буга жогорку сорттогу ун кирбейт. Ошондой эле баалар өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон азыктарына, кумшекер, сүт, жумуртка, май, эттин түрлөрү – уй, кой чочко эти, картошкага баалар белгиленген. Белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча Монополияга каршы агенттиктин аймактык бөлүмдөрү Салык кызматынын, Каржы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте иштерди жүргүзүп жатат», — деди ал.

Количество просмотров: 111