• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиктери өзгөрдү

16 Аяк оона 202412:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүндөн тарта өлкө аймагындагы бардык Калкты тейлөө борборлорундагы иштөө графиктери өзгөрүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми Калкты тейлөө борборлору саат 08:00дөн 18:00гө чейин саат 12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу менен иштешет.

«Бул кадам жарандарды тейлөөдөгү ыңгайлуулук менен натыйжалуулукту арттырууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КТБлар паспортторду берүү, жарандарды каттоо жана ар кандай документтерди тариздөө сыяктуу кеңири мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Количество просмотров: 123