• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Камактагы активисттерди колдогон митингди эски аянтка өткөрүүгө уруксат берилген жок

30 Баш оона 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта өкмөт үйүнүн алдында «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев менен активист Адилет Али Мыктыбекти колдоо акциясы өтмөк.

Пикет саат 10до башталат деп айтылган. Ушу тапта өкмөт үйүнүн алдында 10 чакты киши турат.

Күч түзүмдөрү Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, баш калаанын борбордук аянтында жана парламент, өкмөт имараттарынын алдында 1-сентябрга чейин пикет өткөрүүгө тыюу салынганын белгилеп, акцияны Горький гүлбагына өткөрүүнү сунуш кылышууда. Чогулгандар нааразы болуп тарашууда.

19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта ИИМде бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына жайгаштырганы негиз болгон. 16-августта Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди эки айга камакка алууга чечим чыгарган.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, адегенде 48 саатка, андан кийин 2 айга камалган. Ага Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду.

Количество просмотров: 134