УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңештин шайлоосуна катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.
Сайтта жарыяланган маалымат боюнча, ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 29-орунда турат жана «Томас и Ко» ЖЧКСынын директорунун орун басары экени жазылган.

Кошумчалай кетсек, Тай-Мурас Ташиев 1994-жылы 25-январда туулган.