• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиевдин баласы мандатын тапшырды

5 Тогуздун айы 2021 13:57 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев мандатын тапшырды. Маалыматты Govori.TVга аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Ташиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп барган.

Количество просмотров: 478