• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алуунун мөөнөтү жылдырылды

26 Үчтүн айы 202311:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алуунун мөөнөтү жылдырылганын билдирди.

“Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөштүк. Депутаттардын сунушун айттым. Биз кеңешип, 1-апрелден тарта унааларын камсыздабаган айдоочуларга айып пул салынбай, мөөнөтү жырдырыла турган болду. Президенттин дагы бул боюнча тапшырмасы бар экен”, — дейт төрага.

Эскерте кетсек, унааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы боюнча, 2023-жылдын 1-апрелине чейин ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 3 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Количество просмотров: 127