• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канат Сагынбаев Эмгек министринин милдетин аткарат

25 Баш оона 202516:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сагынбаев Канат Латипжанович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эмгек министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Канат Сагынбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейинки эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров башка ишке өткөндүктөн аталган кызматтан бошотулганы бүгүн маалымдалган.

Количество просмотров: 476