Эртең, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…-7;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…-7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;
Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 күндүз -3…-5 градус болот.