Бул тууралу turmush.kg сайтына 6-декабрь күнү эртең менен бакча аянтында көп сандагы карганын өлүп жатканын байкаган шаардыктар кабарлаган. Канаттуулар эмнеден улам өлгөнүн билиш үчүн шаар тургундары тийиштүү мекемелерге кайрылышкан.
Жайыл райондук ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Насыпбек Мураталиев эч кандай вирустук дарт жок экендигин белгиледи.
“Каргалар сууктан же ачкадан өлүшү мүмкүн. Чумка жанан тоок тумоосу сыяктуу жугуштуу оорулар райондо жок. Жапайы фаунада аба- ырайы кескин өзгөргөндө ушундай нерселер болуп турат. Бизде дартты текшерген лаборатория жок. Канатууларды жана жаныбарлардын анализин Бишкеке жиберип турабыз деди”,-Насыпбек Мураталиев.