• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Көл ШИИБдин жаңы имаратына капсула салынды

28 Бирдин айы 2024 17:11 Бишкек Govori.TV

Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Көл шаарынын мэри Таалайбек Конкобаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Чыңгыз Кимсанов, Кара-Көл ШИИБдин башчысы Эрнист Молдокеев катышты.

2 кабаттан турган жаңы имарат Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланып, жалпы аянты 650 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбеков Кара-Көл ШИИБге келген учурда жаңы имарат салууга колдоо көрсөтүлөөрүн билдирип, жер аянтын көрүп кеткен.

Белгилей кетсек милиция бөлүмүнүн эски имараты 1974-жылы курулган.

Количество просмотров: 72