• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атайын аппаратура колдонуп келген шектүү кылтакка түштү

14 Тогуздун айы 202413:05 Бишкек Govori.TV

Алдамчылар чет өлкөдөн кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөндүгү аныкталды. Бишкектеги батирлердин биринен телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратуралар алынгандыгын Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын СИМ-бокс аппаратурасы эл аралык чалууларды жергиликтүү чалууларга колдонууга ыңгайлаштырылган. Бул аппарат менен кошо 120 симкарта дагы алынган.

Бул кылмышка тиешеси бар делген шектүү Т.К. аттуу жаран кармалган.

«Алдамчылар чет өлкөдө туруп СИМ-бокс колдонуу менен кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөн. Жыйынтыгында кармалган Т.К. аттуу чет өлкөлүк жаран борбордогу батирлердин биринде көзөмөл жүргүзгөн адамдардын көрсөтмөсү менен белгилүү бир убакта СИМ-бокс аппаратын туташтырып, өзүнүн кызматы үчүн ири суммадагы акча алып жүргөн».

Мындан тышкары шектүүлөр Улуттук банк жана ИИМ кызматкеринин жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөнү да белгилүү болду.

Количество просмотров: 252