• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Кулжада мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

2 Кулжа 202518:10 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжада мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы 6 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси “М.” дыйкан чарбанын менчигине мыйзамсыз бекитилип берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 3,9 млн сомдук 6 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Количество просмотров: 172