• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Кара-Кулжада селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды

1 Теке 2024 14:24 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында автоунаа менен чогуу селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлаштыю

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда саат 22:15тер чамасында Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, «Deo Матиз» үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен.

Ичинде 5 жаран болгон, 1 жаран жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен. Үч жарандын сөөгү буга чейин табылган болсо, азыркы саатка куткаруучулар төртүнчүсүн табышканын билдиришти.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүп келген.

Количество просмотров: 281