• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан боюнча селдин кесепетинен 17 адам каза болгон

2 Теке 202412:28 Бишкек Govori.TV

20-апрелден 1-июлга чейин Кыргызстан боюнча селдин кесепетинен 17 адам каза болду, анын 8и жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам башкармалыгынын кызматкери Кубаныч Темирбек уулу билдирди.

Анын айтымында, ушул эле мезгилде республика боюнча 250 сел катталды.

Кошумчалангандай, Ноокат районунда 28-июнда болгон селдин кесепетинен 28 турак үй жарактан чыкты, анын ичинен 3 үй авариялык абалда, 2 социалдык объект, 15 чакырым жол, 29 баш ири жана майда мал жабыркады.

Количество просмотров: 154