Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, бир турак үйгө коркунуч жаралган.
Рысбай Абдыкадыров айыл аймагынын Сагын уулу участкасында бүгүн эски жер көчкү активдешкени байкалып, бир турак жайга кооптуу абал жаралганы аныкталды.
«ӨКМдин адистери райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча атайын шаймандардын жардамында (GNSS, дрон) жеринде изилдөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада турак жайдын ээсин коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыктын алдын алууга багытталган сунуштарды берүү чечими кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.