• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

27 Жалган куран 202413:01 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 28-29-мартында күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз», — деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 1722