• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Суу районунда баасы 320 млн сомду түзгөн 127 га жер мамлекетке кайтарылды

30 Жалган куран 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

Ош областынын Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, текшерүүдө 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытындагы 127 га аянтты түзгөн жерлер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.

Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 млн сомду түзгөн 127,0 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 167