• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курманбек Бакиевдин иниси каза болду

13 Чын куран 202618:55 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Ахмат Бакиев каза болгону тууралуу маалымат жеке булактарга таянып ЖМК жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, ал акыркы жылдары Өзбекстандын аймагында жашап келген. Ошондой эле анын узак убакыттан бери ооруп жүргөнү айтылууда. Өлүмүнүн так себеби азырынча тактала элек.

Айрым булактар анын сөөгү бүгүн Манас шаарында жерге берилери мүмкүн экенин билдиришкен, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

Ахмат Бакиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин ага карата бир катар кылмыш иштеринин алкагында иш козголгон.

Количество просмотров: 365