• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кара-Суудагы талаада 28 жаштагы адамдын бакка асылган денеси табылды

19 Бугу 2021 19:06 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун Тельман айылынын 28 жаштагы С.Б. аттуу тургунунун денеси талаада бакка асылган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-май күнү эрте менен саат 07:40 чамасында, Кара-Суу районунун Кашар-Кыштак а/а Кашкар-Кыштак айылынын талаасында жашы 35-40 чамасындагы азият улутундагы эркек киши, тыт дарагына асынып, каза болгон абалда тургандыгы боюнча маалымат Кара-Суу РИИБнин нөөмөт бөлүмчөсүнө кабарланган.

Аталган маалымат 2021-жылдын 12- май күнү Кара-Суу РИИБнун маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын ЖКнин 001-беренесинин менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып адамдын жансыз денесин табуу боюнча сотко чеийники өндүрүш иш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Ошондой эле текшерүү иштеринин жүрүшүндө белгисиз жашы 35-40 жаштагы эркек кишининин өздүгү аныкталып ал Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн Телман айылынын тургуну 28 жаштагы С. Б. А экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, маркум Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн Телман айылынын тургуну Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн Телман айылында жайгашкан “Байзак” аталышындагы чайхананын ээси болгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 293