• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Карабаева: Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу

30 Үчтүн айы 2024 10:59 Бишкек Govori.TV

Азыркы учурда Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери 24-январга чейин доллардын сомго карата расмий курсу 0,26%га өстү. Бул аралыкта интервенция жүргүзүлгөн жок жана ага зарылчылык болгон эмес.

Карабаева белгилегендей, ал эми 2023-жылы доллардын сомго карата расмий курсу жалпысынан 3,97%га чейин өскөн. «Бул аралыкта Улуттук банк валюта рыногундагы абалдын кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында 14 ирет интервенция жасап, 655 млн доллар саткан», — деди ал.

Количество просмотров: 66