• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Караколдо Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

4 Тогуздун айы 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Караколдо шаар мэри Эрмат Джумаев менен Белоруссиялык “Сифония Экотехника” аттуу жеке компаниянын ортосунда “Кыргызстанда эң биринчи жолу Каракол шаарында таштанды кайра куруучу завод куруу” боюнча келишимине кол койулду. Бул тууралу “Govori.TVга” Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев билдирди.

«Биз тараптан Каракол “Өсүү Чекити” деген долбоор даярдалган, ошонун негизинде Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан колдоо таап, республикалык бюджеттен акча-каражаты бөлүнгөн.

Долбоордун финансылык маселеси чечилгенден кийин, быйыл таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга мамлекет тарабынан 135 миллион сомго тендер жарыяланган, бүгүнкү күндө тендерди 111 миллион сомго Белоруссиялык “Сифония Экотехника” компаниясы утуп алды. Тендер баардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 миллион сом заводту курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго завод тура турчу жерге ангар жана башка жумуштар аткарылмакчы», — деп билдирди Джумаев.

Ошондой эле шаар башчысы кошумчалагандай, “Таштанды иштетүүчү заводду Белоруссиядан алып келип орнотуу 90 күн ичинде ишке ашышы керек, ноябрь айында баардык жабдыктар алынып келинет, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси жүрмөкчү, ошондой эле бул долбоордун негизинде 40-50 адамга жумуш оруну түзүлөт. Таштандынын бөлүп сорттоо ишитери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүүчү процесстери “Тазалык” ишканасында болот. Бул өлкөбүздө эң киринчи курулуп жаткан завод өзүн-өзү 4-5 жыл аралыгында актамакчы”.

Количество просмотров: 201