Караколдогу бала бакчадан кийин эки жаштагы наристе эмне үчүн чарчап калганын депутаттык комиссия иликтейт
Караколдогу бала бакчадан кийин эки жаштагы наристе эмне үчүн чарчап калганын депутаттык комиссия иликтейт
12 Бирдин айы 201820:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02.2018.Govori.TV.
Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан «Тез жардам» унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калды, бул капалуу окуянын себептерин депутаттык комиссия иликтейт. Бул тууралуу Каракол шаардык кенешинин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.
суротту Азамат Айтбаев баланын ата — энесинин уруксаты менен жарыялады
«Өтө капалуу окуя болду. Каракол шаарынын №14 бала бакчасында,эки жаштагы наристе чарчап калды. Азыр укук коргоо органдары бул иш боюнча кылмыш ишин козгой элек. Экспертиза болуп азыр анализи Бишкек шаарына жиберилип изилденип жатат. Каракол шаардык кеңешинин депутаты катары жана билим-берүү комиссиясынын мүчөсү катары бүгүн № 14 бала-бакчасынын жетекчиси, медайымы, тарбиячысы менен барып сүйлөшүп өзүбүз иликтөө жүргүзүүнү баштадык. Ошондой эле наристенин ата-энеси менен баарлашып, көнүл айттык. Ата-эненин суранычы жана талабы бир гана — уулунун эмненин себебинен чарчап калганын билүү. Биз колдон келген жардамымыбызды бергенге аракет кылабыз.»,- деп бирдирет Айтбаев.
Эскерте кетсек, 9-февралда, Каракол шаарында бала бакчага 2 жаштагы баланы жакындары алып келишкен. Кийин саат 11:00дөр чамасында баланын дем алуусу кыйындап абалы оорлогондо «Тез жардам» кызматын чакырышкан. Ал ооруканада 1 күн эсине келбей жатып, 10-февралда саат 16:00дөр чамасында каза болгон.
Алгачкы маалыматка ылайык, бала бакчада 2 жаштагы баланы сабап ал ооруканада өзүнө келбей каза болгон деп кабарланган.
Бирок ички иштер башкармалыгы, алдын ала маалыматтар боюнча эки жашар бала оорудан улам каза болгон деп билдиришти. Милиция кызматкерлери, балага мурда суук тийип, ошол оорудан улам каза болгон, деп божомолдоп айтышты.
Акыркы маалыматка ылайык, баланын эки өпкөсүнө суук тийиген.
Караколдон Алматы жана Ташкентке автобус каттамдары ачылат
Мэриядан билдиришкендей, эл ташуучу автобустар мындан ары Каракол–Бишкек, Каракол–Алматы жана Каракол–Ташкент багыттары боюнча каттамдарга чыгарылат. …
Бишкекте 3 реабилитациялык борбордун иши токтотулду
Бишкекте мыйзамсыз иштеген «Хидальго», «Решение», «Бишкек-Маяк» реабилитациялык борборлорунун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Реабилитациялык …