• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдогу тоо-лыжа базасында таяныч кулады, жабыркагандар бар

1 Бирдин айы 202516:42 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы лыжа базасында лыжа көтөрүүчү таяныч кулап, жабыркагандар бар. Ысык-Көл облустук Ички Иштер Башкармалыгы бул фактыны тастыктады.

Окуя Ак-Суу райондук ИИБнын маалыматтарын каттоо журналында катталган.


Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. Жеринде адистер иштеп жатышат, техникалык экспертиза жүргүзүү иштери пландалып жатат, деп бирдиришет.

Ысык-Көл бириккен ооруканасынын маалыматы боюнча тез жардам кызматы эртен менен эки баланы ооруканага алып келген. Алар Бишкек шаарынын тургундары болуп чыкты.
Кийин дагы бир аял, төрт бала менен түшүп, кайра чыгып кетишкен.

Количество просмотров: 565