Борбордук шайлоо комиссиясына №25 округдук шайлоо комиссиясынан 2025-жылдын 29-ноябрында «Фейсбук» социалдык тармагында жарыяланган видеожазууларга байланышкан алдын ала текшерүү материалдары каралгандыгы тууралуу чечим келип түштү.
«Аталган видеолордо Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгынын белгилери бар.
№25 ОШК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 29-ноябрда ушул участокто жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктарын бир добуштан жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, материалдарды мындан аркы кароо үчүн КР БШКга жөнөттү»,-деп айтылат маалыматта.
БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгат.