• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Каржы министрлиги банктарга доллар сатууга тыюу салбаганын билдирди

24 Бирдин айы 202217:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан коммерциялык банктарга АКШ долларын сатууга/сатып алууга тыюу салуу боюнча көрсөтмөлөр болгон эмес. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы акча-кредит саясатын жөнгө салуу жана коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө бөлүмдүн компетенциясына кирбейт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Каржы министрлиги коммерциялык банктарга доллар сатууга тыюу салганы тууралуу маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 146