• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Каржы пирамидасы боюнча соттолгондор ачкачылык жарыялады

15 Кулжа 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «каржы пирамидасын түзүү» айыбы менен соттолгон 48 киши тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына алардын жакындары билдиришкен.

«Уулума жолугуп келдим. Бир күндө бир жарым килограмм арыктаганын айтууда. Ал жакта жүрөгү начар адамдар да бар. Алар кургак ачкачылык жарыялашкан», – деген соттолуучу Бекзад Мырзанын апасы.

Камактагы Маржан Бакасовдун тууганы тергөө абагындагылар биринчи баскычтагы соттун «адилетсиз чечимине» нааразы болуп жатканын билдирди. «Чыныгы күнөөлүү адамдар чет өлкөлөрдө качып жүрүшөт. Аларга кылмыш иши козголгонун уккан жокмун», – деди ал.

Маалыматты тергөө абагынан ырастап, бирок сот өкүмүнө каршы ачкачылык жарыялагандардын саны 48 эмес, 33 экенин белгилешти.

«29 киши медиктердин көзөмөлүндө. Төртөө тамактана баштады», – деди мекеменин өкүлү.

Буга чейин каржы пирамидасы боюнча соттолгондордун жакындары президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жасап, ишти кайрадан кароону жана камактагыларды бошотууну өтүнүшкөн.

Быйыл жыл башында Актөбөдөгү сот каржы пирамидасына байланыштуу алты кишини түрдүү мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан. Алар жүздөгөн жабырлануучуга 4 миллиард теңге зыян келтирген деп айыпталган.

2022-жылы Казакстанда каржы пирамидасын түзүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, аларды жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.

Количество просмотров: 110