• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Каржы пирамидасын жарнамалагандарга чара көрүлөт. Депутаттар мыйзам долбоорун колдоду

5 Чын куран 2023 20:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-апрелдеги жыйынында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору “Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

“Тагыраагы, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарга 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки айып пул салуу жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чаралары каралууда”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейинки жыйындарда белгилүү болгондой, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Количество просмотров: 161