• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Каржы полициясы Матраимовдордун акчасын тапты

25 Теке 2019 9:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык ишканалардан  24 млн. 275 миң сом салык өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Матраимовдор ээлик кылган «Д.Т», «ТКА», «Т.Т» ачык акционердик коомдору текшерилип, аталган үч ишканадан 18 млн. 33 миң 267 сом салык өндүрүлгөн. Ал эми Райымбек Матраимовдун жубайы кызматташкан чет өлкөлүк «Е.Е.S.» компаниясы текшерилип, 6 млн. 241 миң 728 сом каражат бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн. Андан тышккары, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат учурда келтирилген башка да чыгымдарды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Финансы полициясы андан тышкары декларацияда Райымбек Матраимовго жана анын жубайына жазылган мүлктү жарыялады. Ага ылайык, Матраимовдун жубайына Ысык-Көлдөгү коттеж, «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү автоунаа катталган. Мекеме Матраимовдун Бишкекте жана Ошто батирлери бар экенин аныктаган.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

Булак: «Азаттык»

https://www.azattyk.org/a/30073188.html

Количество просмотров: 18