• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Райымбек Матраимовдун иши жогору бааланды

28 Үчтүн айы 2019 16:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Райымбек Матраимовдун буга чейинки ишин жогору баалады. Ал бүгүн, 28-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Матраимов бул мекеменин төрагасынын орун басары болуп иштегенде да, Ош бажысын жетектеп турганда да бажыдагы көрсөткүчтөр жогору болгонун айтты:

“Райымбек Исмаилович Матраимов Ош бажысынын жетекчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал иштеген убакта Ош бажысында да, жалпы эле бажыда көрсөткүчтөр өскөн. Ошондуктан биз соттун гана чечимин карап турабыз. Ал 20 жылдан ашык бажы тармагында иштеп келе жатат”.

Оңолбеков Матраимовду кайра кызматка алып келүү боюнча сот чечим чыгарса, Мамлекеттик бажы кызматы аны аткарууга милдеттүү экенин да кошумчалады.

Эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет» деп негиздеген.

2018-жылы апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

2018-жылы Бишкектеги Биринчи май райондук соту Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан мыйзамсыз алынган деп тапкан. Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, шаардык соттон да утулуп калган.

Количество просмотров: 21